Жаштар стажировкасы – жаштардын алгачкы кесиптик тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылдын июль айынан тартып, Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардам жана эмгек рыногун бекемдөө” долбоорунун колдоосу менен жаштар такшалмасы (стажировкасы) боюнча пилоттук программаны ишке киргизди. Бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде ишке ашырылып, министрликтин өлкөдө адамдык капиталды өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Программанын негизги максаты — жаштарга алгачкы практикалык тажрыйбаны алуу, окууда алган теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүү, ишканалардын маданияты менен таанышуу жана жумушка орношууда маанилүү болгон “жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүүгө шарт түзүү.
Мындан тышкары, демилге БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзөт:
• ТӨМ №4 – «Инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билимди камсыз кылуу жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу;
• ТӨМ №8 – “Туруктуу, инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өсүшкө, толук жана үзүрлүү жумуштуулукка жана бардыгы үчүн татыктуу жумушка көмөктөшүү.
Программанын ортодогу жыйынтыктары жаштар арасында бул демилгеге болгон чоң кызыгууну жана анын жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө:
• 1847 жумушсуз жаш жаран жеке жана мамлекеттик мекемелерге, ишканаларга тажрыйба өтөө үчүн жиберилди;
• 802 катышуучу, башкача айтканда тажрыйбадан өткөндөрдүн 48,8%ы ишке орношту, ал эми калган жаштар да мындан ары жумуш табууну пландаштырууда;
• Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуучу тренингдер өткөрүлүп, бүгүнкү күндө бул көндүмдөргө жумуш берүүчүлөр тарабынан чоң талап бар экени аныкталды.
Тажрыйба өтүү учурунда жаштар практикалык көндүмдөрдү гана эмес, өздөрүнүн коомдогу ролун, адилеттүү жана туруктуу келечекти куруудагы жоопкерчилигин да терең түшүнүп чыгышты.
Пайдалуу
Ссылкалар