ЭМГЕК МИНИСТРЛИГИ: ЖАҢЫ АРТЫКЧЫЛЫКТАР МЕНЕН АДИЛЕТТҮҮ ӨТҮҮ

2025-жылдын 3-июлунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо, гендердик теңчилик жана миграция жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл учурдагы жана пландаштырылган демилгелерге, ошондой эле Министрлик менен ПРООНдун 2025–2026-жылдарга биргелешкен иш аракеттер планын даярдоого бурулду. Планда адилеттүү өтүү концепциясын эске алуу менен артыкчылык берүү каралган. Башка багыттар менен катар санариптештирүү, ишкердик, майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө артыкчылыктар берилди.
Министр Р. Сабиров мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн санариптештирүүнүн актуалдуулугун артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Ишкердикти өнүктүрүүдөгү артыкчылыктарга токтолуп, министр: “Бүгүн биз Социалдык контракт программасын ийгиликтүү ишке ашыруудабыз, ал келечекти өнүктүрүү үчүн кеңири колдоону талап кылат. Бизде биринчи миллионерлер пайда болду. Буга чейин алар жөлөк пул алуучулар болчу. Бүгүнкү күндө алар оор турмуштук кырдаалдан гана чыкпастан, өздөрү 5-11 адамды жумуш менен камсыз кыла башташты. Ошондуктан мындай ишкерлерди, өзгөчө аялдардын ишкерлигин колдоо приоритетке ишенимдүү түрдө коюлушу мүмкүн”, – деп белгиледи министр Р.А. Сабиров.
Өз жообунда ПРООНдун Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү иш менен камсыз кылуу, гендердик жана майыптык маселелри боюнча министрликке колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле социалдык колдоо жана өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, министрликти келе жаткан 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, маанилүү социалдык миссиясын ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Майыптыгы бар адамдардын укуктарына байланыштуу тараптар инклюзивдик чөйрөнү түзүүгө жана майыптуулуктун медициналык моделинен социалдык моделине өтүүгө багытталган 2023-2030-жылдарга «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Министрлик мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууда жана жеткиликтүүлүктүн жаңы стандарттарын киргизүүдө ПРООНдун эксперттик колдоосуна кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-2026-жылдарга Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты. Документте Кыргыз Республикасынын социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңири эксперттик жана техникалык колдоо каралган.
Пайдалуу
Ссылкалар