Урматтуу мекендештер, жалпыңыздарды  жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Нооруз – бай тарыхыбызды баяндаган, ата-бабаларыбыздын аруу тилектер менен тоскон жөрөлгөлүү майрамы. Байыртадан элибиз күн менен түн теңелип, күн узарып, жаратылыш жаңыланды дешип, санжыралуу каада-салттар менен майрамдашкан. Нооруз менен кошо токчулук,  мол түшүм, ырыскы, кубаныч, тазалануу келет деп тилек кылышкан. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулушкан. Үй-жайын, короосун аластап, “Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын”,-дешип, дасторконго сүмөлөк, көжө сыяктуу улуттук даамдарын жайнатып, жаркын маанай менен жакындарына,  досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдиришкен.

Жакшы салттарын улантып, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот демекчи, Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.

Ар бир үй-бүлө үчүн ийгилик жылоологон  бактылуу жыл болсун. Кампаңыздар данга, өрүшүңүздөр малга толсун. Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалып, жакшылыктардын курчоосунда, аруу тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын.

урматым менен, министр Г.М.Баатырова

Жанылыктар/Жарнама

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
Пайдалуу
Ссылкалар