Куттуктоо

Урматтуу мекендештер,

Cиздерди элибиздин эркиндигинин жана биримдигинин майрамы — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мындан 31 жыл мурда, 31-август күнү мамлекетибиз өз алдынча татаал, бирок ыйык жолду тандаган.  Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүз көптөгөн сыноолорго туш келди, бирок андай оор сыноолорду кыргыз эли өзүнүн ынтымагы, кеменгерлиги, эмгекчилдиги менен татыктуу жеңип келатат.

Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин кыраакы жетекчилиги менен өлкөбүз туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарында алгылыктуу ийгиликтерге жетишип, эгемендүүлүктү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана алга илгерилетүү жолунда  ишенимдүү бара жатат. Акыркы жылдары элдин турмуш дэңгээли ырааттуу түрдө жакшырып жатканына жалпыбыз күбөбүз.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик  колдоого муктаж болгон калктын аярлуу катмарынын социалдык муктаждыктарын чечүү маселелери боюнча алгылыктуу аракеттерди иш жүзүнө ашырып келет. Бул багыттагы иштерибизди дагы да күчөтө бермекчибиз.

Бул улуу майрамды мекенинен алыста белгилеп жаткан жарандарыбызды дагы чын дилимден куттуктайм! Биздин мекендештер кайда жүрүшпөсүн, өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору экени эч талашсыз.Чынында алыстагы мекендештерибиз өлкөбүздү өнүктүрүүгө өтө чоң салым кошуп жатканын баса белгилеп айтышыбыз абзел.

Урматтуу мекендештер, элибиздин Эгемендүүлүк майрамы ыйык жана улуу майрам болуп эсептелет. Андыктан баарыбызды улуулукка, аруулукка жана мекенчилдикке жетелеп, жигердүү иштөөгө дем берип келет. Ылайым сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык болуп, ар тараптан өнүп-өсүп, дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин катарынан татыктуу орун алышын тилейм.

Мына ушул негизги – улуу максатыбызга жетүү үчүн ар бирибиз талыкпай өз салымыбызды кошо берели.

Сиздерге бекем – ден соолук, өрнөктүү өмүр, кетпес дөөлөт жана бакубат жашоо каалайм.

Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, эл ичинде эсен болуңуздар.

   Терең урматтоом менен,  Министр                               К.Б.Базарбаев

Денежные средства поступившие от спонсоров

Полезное
Ссылки