1-2-апрель күндөрү КРнын ЭСӨМнин орун басары А.К. Солтонбекова жана Министрликтин адистери КРнын Жогорку Кеңешинин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин түзүлгөн жумушчу тобу менен биргеликте Ысык-Ата, Москва райондоруна көчмө мониторинге катышты

2019-жылдын 1-2-апрель күндөрү КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары А.К. Солтонбекова жана Министрликтин адистери “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышын контролдоо боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин түзүлгөн жумушчу тобу менен биргеликте Ысык-Ата, Москва райондоруна көчмө мониторинге катышты.
Мониторинг Чүй облусунун Ысык-Ата жана Москва райондорунда жумушчу топтун төрагасы А.Касымалиеванын жетекчилиги астында өттү.
Аталган райондордун жашоочулары менен жолугушууда жөлөкпулдарды алуу үчүн кайрылган учурларда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында учурда мамлекеттик жөлөкпулдар колдонуудагы мыйзамын жакшыртуу максатында сунуштар киргизилет.
Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин, “Алтын уя” үй-бүлө тибиндеги үйүнүн, республикалык психиатриялык балдардын ооруканасынын, жетим кыздар үчүн жаштар үйүнүн, “Манас” социалдык айылы”, “Бабушка эдопшн” Кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

Пайдалуу
Ссылкалар