КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өткөргөн жыйында Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобону кайра карап чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түзүү тапшырмасын берди

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өткөргөн жыйында Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобону кайра карап чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түзүү тапшырмасын берди.
“Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Медико-социалдык экспертизалоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө айткан сын-пикирлерин эске алып, майыптыкты белгилөөдө критерийлерди жана мөөнөтөрдү карап чыгуу зарыл”, – деди министр.
Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, биринчи кезекте жарандык сектордун, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелери боюнча иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана Министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кириш керек.
Учурда ведомство аралык жумушчу топту түзүү боюнча буйрук даярдалып жаткандыгын белгилейт. Аталган топко ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иш алып барган 35 уюмду бириктирген “Жаңырык” тармагы, анын ичинен: “Колдон-колго”, “Диабети жок балалык” Аутизм, Даун синдромуна чалдыккан балдар менен иш алып барган уюмдар жана башкалар кирет.
Эске салсак, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Ормонов парламенттик отурумда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Медико-социалдык экспертик комиссиялардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштаган.

Пайдалуу
Ссылкалар