68 аз-камсыз болгон үй-бүлөөлөр үй менен камсыз болушту

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында 68 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарчанын салтанатуу ачылыш аземине катышты.
Өз сөзүндө министр “Ас-Сафа борборунун” өкүлдөрүн муктаж болгон адамдарга жаңы үйлөрдү куруп беришкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
“Ас-Сафа борбору” үч жылдын аралгында калктын аярлуу катмарына багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашырышты. 2 чоң үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемеси, 14 ФАП, 1 жетим балдар үчүн жатакана, 1 билим берүү борборун курушту. Андан тышкары, Министрликке караштуу Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекменин аймагына жаңы турак-жай жана анын ичин керектуу эмеректер менен камсыздады”, – дейт У.Кочкоров.
Иш-чаранын алкагында жакынкы арада Исфана шаарында Лейлек райондук бейтапканасынын заманбап төрөт үйүнүн ачылышы пландаштырылганын, ошондой эле Араван райондук бейтапканасында төрөт бөлүмү, Чуй облусунун, Аламудун районундагы, Октябрь айыл өкмөтүндө 400 оорундуу мектеп, 300 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча куруу иштери башталгандыгы тууралуу белгиленди.
«Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан социалдык проекттер үчүн каралган сумма жалпысынан 324 000 000.00 (үч жүз жыйырма төрт миллион) сомду түздү.

Пайдалуу
Ссылкалар