12-апрелде Бишкекте алгачкы Улуттук Пробация Форуму өттү

12-апрелде Бишкекте “Камоого жана эркинен ажыратууга альтернативалуу чаралар Кыргызстандагы эркинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларындагы кыйноолорго байланышкан жагдайды өзгөртө алат” деген аталышта алгачкы Улуттук Пробация Форуму болуп өттү.

Бул иш-чара пробация институтунун келечегине байланышкан маанилүү маселелерди, анын 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизилген функцияларын талкуулоо максатында уюшурулган.

Форумга мамлекеттик органдардын, жарандык коом уюмдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрү, улуттук эксперттер, ошондой эле Нидерланды Королдугунан келген Европа мейкиндигиндеги заманбап пробация идеясынын негиздөөчүсү, Европа Пробация Эрежелеринин авторлошу, Эл аралык түрмө реформасы  (PRI) уюмунун төрагасынын бардык өлкөлөр боюнча орун басары Антон ван Калмсоут да катышты.

КР юстиция министри Жаманкулов Мараттын айтымында, Улуттук пробация форумун өткөрүү соттук-укуктук реформанын алкагында иштелип чыккан жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган жаңы кодекстер менен мыйзамдарды эске алганда өз убагында өткөрүлүп жаткан актуалдуу иш-чара болуп санала тургандыгын белгиледи.

«Жазалоонун альтернативалуу түрлөрүн өнүктүрүүгө жана аларды колдонууну кеңейтүүгө, натыйжалуу пробация кызматын түзүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо соттук-укуктук реформаны ийгиликтүү ишке ашырууга кошулган салым болуп саналат. Аталган реформанын жүрүшү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө болууда», – деди ал.

Өз кезегинде, Эл аралык түрмө реформасы  (PRI) уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Азамат Шамбилов эркинен ажыратууга байланышпаган альтернативалуу чаралар убактылуу кармоочу жайлар менен ТИЗОлордогу кыйноолорду колдонуу жана ырайымсыз мамиле жасоо фактыларынын санын азайтууга оң таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи. Ошондой эле бул Кыргыз Республикасына түрмөдөгү калктын санын азайтып, өлкө бюджетин үнөмдөөгө шарт түзө тургандыгы айтты.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөлүк түрмө индексинде 200 орундун ичинен 88-орунду ээлейт (100 миң калкка 178 соттолгон адам туура келет). КР ЖАМК 2019-жылдын 10-январына карата берген маалыматына караганда (10 миң 574 соттолгон адам), жалпы түрмө рейтинги боюнча Кыргызстан 92-орунду ээлейт», – деп белгиледи Шамбилов.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Кыргыз Республикасында Пробация кызматын өнүктүрүү буга чейин жаза мөөнөтүн өтөп келгендердин кайталап кылмыш жасашынын деңгээлин азайтуу үчүн өтө зарыл экендигин кошумчалады.

«Биздин ведомство пробациялык көзөмөлдө турган адамдарга социалдык жардам көрсөтүүмаксатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү иштешип жатат. Пробациянын болочок кардарлары жөнөтүлө турган коомдук иштердин тизмесин иштеп чыгуу абдан маанилүү. Биз эркинен ажыратуу жайларынан бошонгон адамдарга жумушчу орун бере турган мекемелер жана ишканалар менен иш алпармакчыбыз», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Өз кезегинде, эксперт Антон ван Калмсоут Кыргызстан чындыгында эле жардамга муктаж жана реформага даяр экендигин белгиледи.

«Кыйноолор, албетте, коомдогу эң коркунучтуу көрүнүш жана аны түп-тамырынан бери жок кылуу зарыл. Жабык мекемелердин ири көйгөйлөрүнүн арасында кыйноолордон кийин эле адамдарды алардын ар-намысын басынткан шарттарда кармоо көйгөйү турат, бул эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларындагы адамдарга ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле жасалышына алып келет. Камоого жана эркинен ажыратууга байланышпаган жазалоонун альтернативалуу чараларын колдонуу Кыргызстанга жабык мекемелердеги кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин санын кыйла азайтууга жардам берет», – деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Пайдалуу
Ссылкалар