2019-жылдын 3-апрелинен тарта 20-апрелге чейин Чүй облусунда интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптимизациялоо планын ишке ашыруусу талкууланууда

2019-жылдын 3-апрелинен тарта 20-апрелге чейин Чүй облусунда интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптимизациялоо планын ишке ашыруусу талкууланууда. 9-апрелде КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Чүй облусттук администрация өкүлдөрүнө интернат тибиндеги мекемелеринин оптимизациясы боюнча пландын ишке ашуу тартибин айтып берди. Өз сөзүндө ал план жетиштүү деңгээлде ишке ашпагандыктан, жатак мекемелеринде балдардын саны көбөйүп жатканын белгиледи. Балдардын үй-бүлөдө тарбиялануусуна шарт түзүүчу мамлекеттик саясатты ишке ашырууда оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга көмөк көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи.

Чүй облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова өлкө боюнча интернат тибиндеги балдар үчүн жатак жайлардын басымдуусу Чүй облусунун аймагында жайгашканын белгилеп, балдарды үй бүлөдө тарбиялоо негизги максат болушу керектигин айтты.

“Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган көрсөтмөлөрдүн негизинде интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча ведомство аралык план тууралуу кеңири маалымат берди. “Кыргызстандын балдарына үй бүлөдөгүдөй жагымдуу шарттарды түзүү” долбоорунун эксперти Анна Палли Молдова Республикасындагы интернаттарды реформалоонун тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал үй-бүлөдөн баланы ажыратпоого аракет кылууну Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде ишке ашырып, бала кароосуз калса интернатка жибербей багып алуучу (фостердик) үй бүлөлөргө жайгаштыруу керек деди. Жыйындын алкагында Сокулук, Ысык-Ата райондорунда жайгашкан Военно-Антоновкадагы балдар үйү, Дмитриевка жана Красная Речкадагы көмөкчү мектеп интернаттарды оптимизациялоонун этаптары талкууланды. Жыйынга Чүй облусунун бардык райондору жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар