«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын апрель айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

Print Friendly, PDF & Email

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8 – апрелинен  15 – апрелине чейин 3050 телефондон кайрылуу, же бир суткада 435 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 31 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 3 же 9,7 % жаш балдардан, ал эми 28 же 90,3 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 18 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди,   10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 31 чалуунун  ичинен эркектерден – 4 (13 %), аялдардан – 24 (77 %), балдардан – 3, анын ичинен  кыздардан – 3 (10,0 %), эркек балдардан – 0.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зордук зомбулук болгон тууралуу-4;

– ар кандай жардам берүү – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– этибарсыз мамиле тууралуу – 2;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– балдарды тарбиялоо жана ич ара мамиле – 2;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 1;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн, ОАБО  кызматкерлерине нааразычылык – 1;

– ар кандай суроолор – 2.

3019 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  18;

– Чуй облусунан –3;

– Ош облусунан – 3.

– Жалал – Абад облусунан –  3;

– Ыссык – Көл облусунан – 2;

– Нарын облусунан – 2;