Долбоордук сунуштарды баалоо боюнча эксперттерди тандоо жөнүндө жарыя

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле эксперттердин электрондук маалымат базасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги долбоордук сунуштарды баалоо боюнча эксперттерди тандоо жөнүндө жарыялайт.

Экспертти электрондук маалымат базасына киргизүү үчүн эксперттин төмөндө көрсөтүлгөн тиркемеге ылайык арызын жана байланыш маалыматтарын, социалдык жактан корголбогон жарандардын категориялары, анын ичинде турмуштун оор кырдаалындагы үй-бүлөлөр жана балдар менен,улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар менен иштөөдөгү анын компетенциясын ырастаган иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен анын резюмесин, ошондой эле эксперттин кесиптик сапатын ырастап бере алуучу иштеген ордун жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен 3 адамдын байланыш маалыматтарын берүү зарыл.

Резюме жана арызды Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215, 1-кабат, 101-кабинет дарегине же kerimbekovazhyldyz@mail.ru электрондук дарегине жибериңиздер.

Сурап билүү үчүн телефон: (+996)  312 66-38-19.

Тиркеме – жүктөө

Пайдалуу
Ссылкалар