Министр Улукбек Кочкоров жана Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана Катар Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү боюнча приоритеттүү багыттарды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр ушул жылдын март айында Президент Сооронбай Жээнбеков «Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгондугун маалымдап, буга ылайык Министрлик тарабынан 3 жылдык Иш-чаралар планы иштелип чыкканын белгиледи. Анда, биринчи кезекте 70 тен ашуун ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралаганын айтты. Мындан тышкары Улукбек Кочкоров жакында Садовое айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарча курулгандыгын жана ушундай үйлөрдү башка региондордо да куруу иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Министр жыл сайын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү барар жери жок, жаш балдар, кыздар жаман жолго түшкөн учурлар жок эместигин айтып, буларга атайын социалдык жатакана куруп берүүнү, ошондой эле Министрликке караштуу 17 социалдык стационардык мекемелердин имараттары өтө эскирип, жаңылануунун талап кылган кезин белгилеп, бул багытта да колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
Өз кезегинде, Катар Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти жогоруда айтылган маселелер, сунуштар боюнча биргеликте иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар