Ош шаарында Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктары талкууланды

2019-жылдын 18-апрелинде, Ош шаарында Пекин декларациясын жана Пекин платформасынын иш-аракеттерин иш жүзүнө ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо жана кыз-келиндердин шарттарын жакшыртуу чөйрөсүндөгү жаӊы артыкчылыктарды аныктоо боюнча регионалдык консультациялар өттү.
25 жыл мурун Пекин шаарында өткөн IV Дүйнөлүк аялдар конференциясында кабыл алынган Пекин платформасынын иш-аракеттери, гендердик теӊчилик үчүн күрөшүүнүн багыттарын аныктаган. Аталган Платформа, БУУга мүчө-мамлекеттердин гендердик теӊ салмактуулукту камсыздоо жаатында улуттук стратегияларын кабыл алуудагы таянычуу негизги базалык документи болуп калды. Платформанын негизги максаты аялдардын абалын жакшыртуу жана аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий маселелерде ар тараптуу жана теӊ укутуу катышуусун камсыздоо жолу менен аялдардын жеке жашоосундагы жана бардык коомдук процесстерде жигердүү катышуусундагы тоскоолдуктарды алып салуу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2017-жыл боюнча маалыматына ылайык, аялдардын экономикалык активдүүлүгү 45,9 % төмөндөгөн, аларга салыштырмалуу эркектердин экономикалык активдүүлүгү 75,0% түзгөн. Аялдардын билиминин жогорку деӊгээлине карабастан, жергиликтүү кеӊештердеги аял-депутаттарынын саны ар бир шайлоо сайын кыскарып отуруп Кыргызстандын тарыхындагы эӊ төмөнкү көрсөткүч – 10% ге жетти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутат-аялдарынын саны 15% түзөт, бул Кыргыз Республикасынын шайлоо кодексинде бекитилген 30% гендердик квотадан эки эсе аз. Мунун жыйынтыгы катары, өлкөдө бала менен эненин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогорку деӊгээлде калуусун, ички жана тышкы миграцияда аялдардын жана жаш өспурүмдөрдүн санынын деӊгээлинин өсүшүн, аялдар жана кыздарга карата зомбулуктун жана дискриминациянын коркунучтуу масштабтарын жана балдар эмгегинин эӊ терс көрүнүштөрүн белгилеп кетсе болот.
«Бул улуттук сереп жаш муун активисттерди жана мурда камтылбай калган жарандарды гендердик теӊчиликти жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү боюнча жалпы мамлекеттик демилгелер борборуна тартууга маанилүү себеп катары каралышы керек. Өкмөт менен жалпы коомчулук бирдикте гана болуп гендердик теңсиздиктин баштапкы себептерин туруктуулук менен жеңип, коомдун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түптөлгөн чыныгы гендердик теӊчиликке багыт ала алат”, – деп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министиринин орун басары Жаныл Алыбаева белгилеп кетти.
«Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги БУУ менен биргеликте жана үч облустун катышуусу менен өткөрүп жаткан Пекин+25 регионалдык консультациялары, Пекин платформасынын эки маанилүү багыттарына өзгөчө басым жасайт – бул тынчтыкты калыптандыруучу жана инклюзивдүү коом жана кыздардын укуктары. Бул эки багыт гендердик теӊчилик жана аялдар, тынчтык жана коопсуздук боюнча улуттук күн тартибинин артыкчылыктары болуп саналат», – деп БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы Өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нүргүл Асылбекова билдирди.
Консультациянын жүрүшүндө катышуучулар гендердик теӊчиликти илгерилетүүдөгү негизги
көйгөйлөр жана артыкчылыктар тууралуу кененирээк талкуулашты. Атап айтканда, катышуучулар туруктуу өнүгүү жана аялдар, тынчтык жана коопсуздук боюнча күн тартибинин артыкчылыктарын эске алуу менен, тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу, тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу, инклюзивдүү коом түзүү, аялдардын тынчтык сактоо жана орнотуу процесстерине катышуусу, ошондой эле гендердик басмырлоону жана укук бузууларды четтетүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлгөн иш чаралар тууралуу талкуулашты.
Консультацияларга гендердик маселелер боюнча жооптуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, БУУнун агентиги жана эл аралык уюмдар катышышты. Консультация Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУнун агенттигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө (БУУнун Аялдар түзүмү, БУУнун Балдар Фонду, БУУнун Калк Фонду жана БУУӨП).

Пайдалуу
Ссылкалар