«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын апрель айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 15 – апрелинен  22 – апрелине чейин 2786 телефондон кайрылуу, же бир суткада 393 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 34 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 6 же 17,6 % жаш балдардан, ал эми 28 же 82,4 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 20 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди,   10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 34 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (20,6 %), аялдардан – 21 (61,8 %), балдардан – 6, анын ичинен  кыздардан – 4 (11,8 %), эркек балдардан – 2 (5,9 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13 абонент чалган;

– ар кандай жардам берүү – 7;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 1;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук жөнүндө-1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– балдарды тарбиялоо жана ич ара мамиле – 1;

– мамлекеттик органдардын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн, ОАБО  кызматкерлерине нааразычылык – 1;

– ар кандай суроолор – 1.

2752 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  13;

– Жалал – Абад облусунан –  9;

– Чуй облусунан –7;

– Нарын облусунан – 2;

– Ыссык – Көл облусунан – 1;

– Баткен облосунан – 1;

– Талас облусунан -1.

Пайдалуу
Ссылкалар