ЭСӨМ жана “Балачак институту” КФ калкка социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана “Балачак институту” коомдук фондунун жетекчиси Нуржамал Джакубова калккка социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Келишимдин алкагында “Балачак институту” коомдук фонду Министрлик иштеп чыккан Социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча Мыйзам долбоору жөнүндө калкка маалымат жеткирет. Ошондой эле Мыйзам долбооруна коомчулуктун катышуусун, алардын сунуш-пикирлерин эске алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Социалдык кызматтардын жаңы концепциясы жана иштелип жаткан социалдык кызматтар жөнүндө Мыйзам долбоору мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн инновациялык болуп эсептелет. Анын кабыл алынышы жаңы социалдык кызматтардын системасын түүзүгө жана социалдык кызматтарды алуучулардын санын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пайдалуу
Ссылкалар