Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №814 токтому менен бекитилген Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, 2019-жылдын 6-майынан баштап 10-июнуна чейин 2019-2021-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ программасына жана 2019-жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун жарыялайт.
Конкурстун катышуучуларына карата талаптар:
- Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө өз ишин жүргүзгөн, конкурстун жарыяланган темасынын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу салыктары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) конкурстун катышуучулары боло алышат.
- Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталышы керек жана өзүнүн банктык эсеби болушу зарыл. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби болбосо, ага конкурстук документтерди берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү берилет.
- Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоорлоо тобун (мындан ары – консорциум) түзөт жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоорлоо сунушун берет. Мындай учурда арызда жана долбоорлоо сунушунда функциялар, бюджет, уюмдар ортосундагы жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы чектелиши керек, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан иштей турган консорциум мүчөсү аныкталышы зарыл.
- Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана консорциумдун курамында катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арызды бере алат.
2019-жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планы
Бөлүм: Мамлекеттик социалдык заказдын формасы – коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо
Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттардын суммасы: 38,0 млн. сом, анын ичинен 1,9 млн. сом (5 %) мамлекеттик социалдык заказды уюштуруу боюнча чыгымдарды жабууга каралган каражаттар болуп эсептелет.
№ | Коомдук пайдалуу максаттар Общественно полезные цели (кыскача баяндоо) | Социалдык кызматты алуучулар | Аткаруучулардын категориялары | Ишке ашыруу мөөнөтү | Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аймагы | Гранттын макс. суммасы , миң. сом | Күтүлгөн жыйынтыктар (индикаторлор) |
1.1. | Балдардын, анын ичинде иштеген балдардын интернат тибиндеги балдар мекемелерине түшүүсүн болтурбоо максатында үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу
| Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн балдары | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 8 457,7 | Балдардын интернат тибиндеги балдар мекемелерине түшүүсүн болтурбоо максатында 180ден кем эмес турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтар көрсөтүлдү, анын ичинен: |
Жалал-Абад. обл. | 1 336,9 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Баткен обл. | 1 204,2 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Талас обл. | 1 123,0 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Ысык-Көл обл. | 1 107,5 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Чүй обл. | 1 179,6 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Нарын обл. | 1 191,5 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Ош обл. | 1 333,0 | 25 балага ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
1.2. | Жашы жетпегендердин арасында кайрадан укук бузуунун жана кылмыштын аткарылышынын алдын алуу үчүн мыйзам менен чатагы бар балдарды коомдоштуруу жана реабилитациялоо
| Мыйзам менен чатагы бар балдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинде: | 1 215,6 | Республика боюнча 100дөн кем эмес мыйзам менен чатагы бар балдар реабилитациялык кызматтарды алышты. |
Ош ш. | 399,8 | 25 мыйзам менен чатагы бар балдарга реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Бишкек ш. | 362,0 | 25 мыйзам менен чатагы бар балдарга реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Чүй обл. | 453,8 | 25 мыйзам менен чатагы бар балдарга реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
1.3.
| Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин коомго жуурулушкан жана коомдошкон бүтүрүүчүлөрүнүн санын көбөйтүү
| Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 1 547,2 | Республика боюнча 100дөн кем эмес интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана тарбиялануучулары коомго жуурулушу жана коомдошуу максатында социалдык кызматтарды алышты, анын ичинен: |
Чүй обл. | 453,8 | 25 интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө жана тарбиялануучуларына ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Ысык-Көл обл. | 332,2 | 25 интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө жана тарбиялануучуларына ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Баткен обл. | 361,2 | 25 интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө жана тарбиялануучуларына ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
Ош облусу | 400,0 | 25 интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө жана тарбиялануучуларына ай сайын социалдык кызмат көрсөтүлөт. | |||||
1.4.
| Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн балдарын социалдык кызматтарга камтууну көбөйтүү (кызматтарды колдоо) | Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн балдары | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 5 328,2 | 200дө кем эмес турмуштук оор кырдаалда турган балдар социалдык кызматтарды алышты, анын ичинен: |
Бишкек ш. | 482,8 | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Жалал-Абад обл. | 534,7 | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Баткен обл. | 481,6 | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Талас обл. | 449,1 | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Ысык-Көл. обл. (2 КЭУ) | 446,8 (893,6) | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Чүй обл (2 КЭУ) | 471,8 (943,6) | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Нарын обл. | 476,6 | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
Ош обл. (2 КЭУ) | 533,1 (1066,2) | 20 балага ай сайын социалдык кызматтар көрсөтүлөт. | |||||
1.5.
| Чек арага жакын жайгашкан райондордогу улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу | Улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын | КЭУ | 12 ай. | Баардыгы, анын ичинен: | 1 690,7 | 50дөн кем эмес социалдык кызматарды алган чек арага жакын жайгашкан райондордогу адамдар |
Баткен обл. (Лейлек, Баткен и Кадамжай) | 411,4 | Ай сайын 15 адам | |||||
Ош обл. (Кара-Суу) | 461,0 | Ай сайын 15 адам | |||||
Ысык-Көл. обл. (Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп) | 394,0 | Ай сайын 15 адам | |||||
Нарын обл. (Ат-Башы) | 424,3 | Ай сайын 15 адам | |||||
1.6. | Жаңы укук бузуунун алдын алуу максатында камактан бошонуп чыккан адамдарды кайрадан коомдоштурулат | Камактан бошонуп чыккан адамдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 1 480,6 | 25тен кем эмес социалдык кызмат алган адамдар кайрадан коомдоштурулат, анын ичинен: |
Чүй облусу | 704,9 | 25 адамдар | |||||
Жалал-Абад обл. | 775,7 | 25 адамдар | |||||
1.7. | Улгайган жарандардын, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу
| Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 3 536,2 | Жашоо сапатын жакшыртуу үчүн 80ден кем эмес социалдык кызмат алган улгайган жарандар, анын ичинен: |
Жалал-Абад обл. | 1 097,2 | 20 улгайган жарандар | |||||
Нарын обл. | 1 259,2 | 20 улгайган жарандар | |||||
Талас обл. | 1 179,8 | 20 улгайган жарандар | |||||
1.8. | Улгайган жарандарга, анын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген улгайган жарандарга социалдык кызматтарды камтууну көбөйтүү | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген улгайган жарандар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 1 965,4 | Жашоо сапатын жакшыртуу үчүн 100дөн кем эмес социалдык кызмат алган улгайган жарандар, анын ичинен: |
Баткен обл. | 601,8 | Ай сайын 25 уйлгайган жаран | |||||
Ысык-Көл обл. | 589,1 | Ай сайын 25 уйлгайган жаран | |||||
Чүй обл. | 774,5 | Ай сайын 25 уйлгайган жаран | |||||
1.9. | Социалдык ишмердүүлүккө тартылуу үчүн улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар колдоо алышат | Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | КЭУ | 12 ай. | Баардыгы, анын ичинен: | 2 888,6 | 100дөн кем эмес киреше алып келүүчү иш-чараларга тартылуучу улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинен
|
Бишкек ш. (2 КЭУ) | 505,7 (1011,4) | 100 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Чүй обл. | 470,0 | 100 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Ош обл. | 512,3 | 100 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар ЛОВЗ и пожилых граждан | |||||
Баткен обл. | 457,2 | 100 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Ысык-Көл. обл. | 437,7 | 100 улгайган жарандар жана ден соолугунун | |||||
1.10. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укугун коргоого жана жылдырууга көмөк көрсөтүлөт. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинен: | 3 389,1 | 170тен кем эмес укуктарын коргоого жана жылдырууга көмөк көрсөтүлүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинен: |
Бишкек ш. (2 КЭУ) | 455,1 (910,2) | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Чүй обл. | 423,0 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Ысык-Көл обл. | 393,9 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Баткен обл. | 411,5 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Талас обл. | 398,5 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар 25 ЛОВЗ ежемесячно | |||||
Нарын обл. | 424,3 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
Ош ш. | 427,7 | Ай сайын 25 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
1.11. | Сурдокоторуу онлайн аркылуу көрсөтүүлүчү кызматтын сапатын жакшыртуу | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы: | 455,1 | 100дөн кем эмес сурдокоторуунун кызматын алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар |
г. Бишкек | 455,1 | 100 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар | |||||
1.12. | Гендердин жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жардам жана колдоо алышты; Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо максатында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөткөн адамдар социалдык алышты.
| Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адамдар
үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөткөн адамдар | КЭУ | 12 ай | Баардыгы, анын ичинде: | 6 450,4 | 1500дөн кем эмес үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан адамдар социалдык кызмат менен камтылат, анын ичинен:
|
Баткен обл. | 564,7 | 292 адам | |||||
Талас обл. | 540,9 | 286 адам | |||||
Чүй обл. и Бишкек ш. | 1 181,4 | 662 адам | |||||
Нарын обл. | 647,3 | 294 адам | |||||
Жалал-Абад. обл. | 925,8 | 220 адам | |||||
Ысык-Көл обл. | 771,3 | 220 адам | |||||
Ош обл. | 949,3 | 220 адам | |||||
Ош ш. | 869,7 | 240 адам |
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
- Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арызда уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, уюмдун электрондук почта дареги, уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
- Консорциумдун атынан конкурска катышууга берилген арызда консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн уюштуруу-укуктук формасы, аталышы, почта дареги, телефон номери, электрондук почта дареги жана консорциумдун атынан иштеген уюмдун жетекчисинин уюлдук телефон номери, ошондой эле сунушталган долбоордук сунуштун темасынын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
- Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) юридикалык жак катары коммерциялык эмес уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) коммерциялык эмес уюмдун уставынын көчүрмөсү;
3) конкурстун темасы менен дал келген, жүзөгө ашырылган иш жагынан өткөн жыл үчүн (же, конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, өткөн бир нече жыл үчүн) уюмдун ишинин баяндамасы;
4) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү жана резюмеси (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
5) коммерциялык эмес уюмдун:
а) салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
б) коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон карыздары жана башка милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө катышуучунун билдирүүсү;
6) долбоордук сунуш жана анын бюджети.
- Консорциумдун арызына консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-3- жана 5-пункттарында каралган документтери тиркелүүгө тийиш.
- Конкурстук документтер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) ачыктары:
а) салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттенмелер боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө арыз;
б) өткөн жылга карата уюмдун иши жөнүндө программалык отчеттун, юридикалык жак катары уюмду каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюмдун уставынын көчүрмөлөрү;
в) коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билим тууралуу документтеринин көчүрмөсү жана резюмеси (өмүр баянынын маалыматтары);
2) жабыктары (купуя) – долбоордук сунуш жана анын бюджети, алар:
а) мөөр басып чапталган конвертте берилет; же болбосо
б) электрондук почта аркылуу код коюлган формада РDF форматында сканерленген түрдө жөнөтүлөт. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды карап баштоонун алдында коддун шифри гранттык комиссиянын төрагасына анын суроо-талабы боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.
2019-2021-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ программасы, конкурсун өткөрүү тартиби, анын ичинде конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо критерийлери менен www.mlsp.gov.kg. сайтынын “Мамлекеттик социалдык заказ” бөлүгүнөн таанышсаңар болот, ошондой эле арыздын электрондук бланктарын көчүрүүгө мүмкүн.
Конкурстун шарттарын түшүндүрүү иштери боюнча 0-312-300-588 телефон номерине (Ниязбекова Зарипа) же nzaripa@mail.ru аттуу электрондук дарекке 2019-жылдын 10-июнуна чейин кайрылса болот.
Документтердин баардык пакети электрондук түрдө мамлекеттик же расмий тилдерде берилиши керек жана 2 папкада болууга тийиш.
Долбоорлук сунуштар 2019-жылдын 5-июнунан баштап 10-июнуна саат 17:00 чейин Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1, каб. 7 дареги боюнча же болбосо nzaripa@mail.ru электрондук почта аркылуу кабыл алынат.
Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык жыйын 2019-жылдын 22-майында саат 14-00, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин конференция залында өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, №215.