2019-жылдын 1-майына карата республикада 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жашайт.

2019-жылдын 1-майына карата республикада 344 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жашайт. Анын ичинен 86 УАМСтун майыптары, 217 УАМСтун катышуучулары, 17 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 24 Ленинград блокадачылары.

Ошондой эле 2123 оруктун эмгекчилери, 4 эмгек армиячылары, 9 УАМСта курман болгондордун үй-бүлөлөрү.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:

–  7000 сомдон УАМСтун майыптарына жана катышуучуларына, Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

–  2000 сомдон майыптуулугу бар оруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;

–  1000 сомдон УАМСта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, майыптыгы жок оруктун эмгекчилерине.

Ошондой эле УАМСтун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү 10 000 сом өлчөмүндөгү стипендиясын ай сайын алышт.

Жыл сайын 9- майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:

– 15 000 сомдон УАМС тун катышуучуларына, майыптарына, Лениград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

10 000 сомдон оруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, УАМСта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө.

Мындан тышкарыКыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №89 буйругу менен, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына 20 000 сомдон УАМС-тун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундарына жана Ленинград блокадачыларына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан төлөнөт

Пайдалуу
Ссылкалар