ЭСӨМ министр У. Кочкоров жана министрликтин кызматкерлери Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары менен жолугушту

“Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын контролдоо жумушчу тобунун мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана министрликтин кызматкерлери Бишкек шаарынын Ак-Бата жана Ак-Жар конушунун тургундары менен жолугушту.
Калк менен жолугушуу учурунда Бишкек шаарынын бир да районуна официалдуу түрдө карабаган жаңы конуштарда, дачаларда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга мүмкүнчүлүк жок болгондугу белгиленди.
Министр Улукбек Кочкоров, учурда аймактык-административдик бирдик катары статусу жок аймакта (жаңы конушта, жилмассивде), дача участогунда жашаган аз камыз болгон үй-бүлөлөрдү жана эмгекке жарамсыз адамдардын бардыгын максималдуу түрдө мамлекеттик жөлөкпулдар менен камтуу максатында КРнын Өкмөтүнүн долбоору Министрлик тарабынан иштелип чыккандыгы тууралуу маалымат берди.
“Көбүнчө калктын аярлуу катмары, ички миграцияда жүргөн жарандар жаңы конуштарда жашайт. Алар жашаган жери боюнча каттоого тура алышпайт жана белгилүү бир аймакта жашагандыгын тастыктоочу документ көрсөтө алышпайт. Бул нерсе аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоого алынуусуна тоскоол болууда. Буга байланыштуу биз биринчи кезекте ички мигранттарды жөлөкпул менен камтууну камсыз кылган норманы киргизип жатабыз”, -дейт ал.
Ушундай эл менен жолугушуу бүгүн, 14-майда Свердлов районунун Дордой конушунда жана Биринчи май районунун Мурас конушунда өтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар