2019-жылдын 15-16-майында Бишкек шаарында (Кыргызстан) Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттеринин Экинчи Айымдар Форуму өттү

2019-жылдын 15-16-майында Бишкек шаарында (Кыргызстан) Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттеринин Экинчи Айымдар Форуму өтүп, ага ШКУ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда – Индия, Казахстан, Кыргызстан, КЭР, Пакистан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан. Ошондой эле, Азербайжан, Афганистан, Белоруссия, Иран, Монголия сыяктуу өлкөлөрдөн диалог боюнча байкоочулар жана өнөктөштөр келишкен.
Иш-чаранын негизги максаты бул: «Пекин+25» Пекин иш-аракеттер платформасын (ПИАП) жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) улутташтырууну ишке ашыруу боюнча глобалдык талдоонун контекстинде Шанхай Кызматташтык Уюмун (ШКУ) өнүктүрүү күн тартибинде аялдардын катышуусун жогорулатуу жана гендердик өлчөөнү киргизүү болуп эсептелет. Форумдун алкагында аялдардын катышуусун жана ШКУ мамлекет-катышуучулардын аялдары жана эркектери үчүн аймактык кызматташуунун бирдей жыйынтыктарына жетүү үчүн ШКУ стратегиясына жана долбооруна гендердик өлчөөнү киргизүүнүн биргелешкен ой-чабыттар иштелип чыгат.
Ошондой эле Пекин иш-аракеттер Платформасынын 12 маанилүү көйгөйлүү областтарынын алкагында дал келүү түйүндөрү, ШКУ гендердик теңчилик жана Хартия боюнча 5 ТӨМ аныкталган.
Форумду өткөрүү мезгилинде сессияларда төмөнкү темалар аныкталат:
– Пекин+25 аймактык талдоо контекстинде ШКУ мамлекеттеринин аймактык кызматташуусунун гендердик аспектилери жана 2030 Туруктуу өнүгүү күн тартибин ишке ашыруу;
– Аймактын туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүндө аялдардын катышуусу: чакырыктар жана алдыңкы практикалар;
– Пекин Иш-аракеттер платформасын жана ТӨМ ишке ашырууда ШКУ алкагында аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртуу үчүн аймактык чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр;
– Саламаттык сактоодо жана билим берүүдө инвестициялар: аймактык кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр;
– Мүмкүнчүлүктөрдү бирдейлештирүү максатында инновациялар жана санариптештирүү доору.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча ШКУ мамлекеттеринин Экинчи Айымдар Форумунун резолюциясы кабыл алынат

Пайдалуу
Ссылкалар