“Кесиптик күүйүнү алдын алуу” тема социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана социалдык-реабилитациялоо борборлорунун кызматкерлери үчүн өткөрүлүүдө

2019 – жылдын 16-31 май аралыгында Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен  биргеликте “Кесиптик күүйүнү алдын алуу” темасында Чүй областы жана Бишкек шаарындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана социалдык-реабилитациялоо борборлорунун кызматкерлери үчүн психологиялык тренингдерди өткөрөт.

Иш чара социалдык кызматкерлердин кесиптик күйүүнө кабыл болуусун алдын алууга жана кесиптик стресстин кесепеттерин жоюуга багытталган.

Тренингдерге катышуу социалдык мекемелердин кызматкерлеринин эмоционалдык туруктуулук жана психологиялык көйгөйлөргө туруштук берүүгө даярдык денгээлин жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле кесиптик күйүүгө жана эмоционалдык чарчоого кабылбаш үчүн эффективдүү пикир алышуу көндүмдөрүн калыптандырат.

Биринчи тренинг Чүй областынын Москва районунун  социалдык өнүктүрүү башкармалыгында социалдык кызматкерлердин катышуусунда өттү.

Пайдалуу
Ссылкалар