КРнын ЭСӨМ жана MSDSPKG “Кыргызстандын тоолу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасы” Коомдук фонду Меморандумга кол коюшат.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана MSDSPKG “Кыргызстандын тоолу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасы” Коомдук фонду тарабынан жакынкы арада жаштарды окутуу жана ишке орноштуруу тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлат. Бул тууралуу 23-майда, Министр Улукбек Кочкоров Коомдук фонддун өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды.

Жолугушуунун алкагында MSDSP KG Коомдук фонддун жетекчиси Арсланбек Мияшев “Кыргызстандын тоолу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасы”- айыл жергесиндеги адамдардын жашоо шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууну максат кылган, Кыргыз Республикасында катталган Ага Хан Фондунун демилгеси экендигин жана фонддун ишмердүүлүгү ОШ, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарында жашаган 520 миңден ашык адамды өзүнө камтыгандыгы тууралуу айтып берди.

Ошондой эле жолугушууда жаштардын жарандык катышуусун жогорулатууга жана алардын эмгекке мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, жаштарды эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутуу, андан соң иш менен камсыз кылуу боюнча Меморандумга кол коюу жөнүндө сүйлөшүлдү.

Пайдалуу
Ссылкалар