Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө маалымат

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда учурда I, II, III топ майыптыгы бар 42 адам ден соолугун калыбына келтирүү боюнча кызматтарды алышууда. 
“Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга протез кийгизүү жана массаж, ЛКФ, физиотерапия, парафинотерапия, медикоментоздук терапия боюнча тиешелүү дарыгерлердин көрсөтмөсү менен калыбына келтирүү иш-чара өткөрөбүз”, – дейт борбордун жетекчиси Салика Калдыбаева.
Борбор үч маал такмак менен камсыз кылат. Алыскы региондордон келген жарандардын бир жылда бир жолку жол киреси төлөнүп берилет. Ошондой эле калыбына келтирүү кызматтар бекер көрсөтүлөт.

Пайдалуу
Ссылкалар