1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү министринин орун басары Жаныл Алыбаева Сокулуктагы ДМЧАжБРБ жана Шопоков шаарындагы үй-бүлөлүк тибинде жашаган балдарды куттуктады

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, КР Жогорку Кенешинин вице-спикери Мирлан Бакиров Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борбордо жашаган балдарды майрам күнү менен куттукташты.
Иш-чарада балдардын катышуусу менен майрамдык концерт өттү жана балдардын кол жазалгары көрсөтмөсү уюштурулду.
Майрам күнү аталган борбордун тарбиянуучуларына белек тапшырылып, 70 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.
Ошол эле күнү Жаныл Алыбаева Шопоков шаарындагы үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүндө мамлекеттик колдоого алынган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майрамдары менен куттуктап ар бир балага белектерди тапшырды.

Пайдалуу
Ссылкалар