Министр Улукбек Кочкоров №1 МСЭКтин ишмердүүлүгүн текшерип чыкты

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 29-майда Бишкек шаарынын Ленин жана Чүй облусунун Сокулук райондорунун №1 Медико-социалдык экспертизалоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн текшерип чыкты.

Улукбек Кочкоров кезекте турган ар бир жаран менен маек куруп, алардан Министрликтин кызматкерлерине карата арыз даттануулар барбы? Комиссиянын дарыгерлери кызматтарды кандай деңгээлде көрсөтүүдө? Орой мамиле жазашкан жокпу же майыптыкты аныктоодо акчалай сыйлык талап кылышкан жокпу? деген суроолорду узатты. Берилген суроолорго Министрликтин кызматкерлеринин дарегине терс пикир айтылган жок. 

№1 МСЭКтин төрагасы Камбарбеков А.К. жарандар күнүгө кабыл алынаарын, өтө оор орулуулар үйдө же стационарда тейленээрин, ал эми балдарга өзгөчө көңүл буруларын айтып берди.

№1 МСЭКтин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында министр Улукбек Кочкоров ар бир кайрылган жаран жашаган жери боюнча катталышына (прописка) карабастан зарыл кызматтарды өз убагында тоскоолдуксуз алууга тийиш экендигин белгиледи.

 

Пайдалуу
Ссылкалар