Министрдин орун басары Ализа Солтонбекова Орок айылындагы жаңжалдан жабыркаган балдардан кабар алды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министиринин орун басары Ализа Солтонбекова Орок айылындагы жаңжалдан жабыркап, ооруканада жаткан балдардан кабар алды

7-июнь күнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министиринин орун басары Ализа Солтонбекова Орок айылындагы жаңжалдан жабыркап, учурда ооруканада жаткан өспүрүм балдардан кабар алды. Жаңал учурунда эки бала жабыркаган. Алардын абалы туруктуу жана тийешелүү жардамдарды алып жатышат. Министрдин орун басары менен сүйлөшүү учурунда алардын туугандары балдарга адвокат керек экенин айткан. Ализа Солтонбекова балдарды ар тараптуу коргоого жана көзөмөлгө алып, министрлик тарабынан көрсөтүлө турган жардамдар бериле турганын түшүндүрдү.

Мындан тышкары Орок айылындагы жаштардын жаңжалы учурунда болгон окуяга байланыштуу, башка балдар дагы текшерүүгө алына турганын А.Солтонбекова кошумчалады

Пайдалуу
Ссылкалар