Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын Кыргызстанда өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чаралар планы талкууланды

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциясынын Кыргызстанда өткөрүлүүчү юбилейлик иш-чаралар планы талкууланды.

Бул жылы Конвенция кабыл алынганына 30 жыл толот. Ал БУУнун Генералдык ассамблеясы тарабынан 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган. Кыргызстан юбилейди өткөрүүгө даярдык көрөт. Анткени Кыргыз Республикасы аталган документке 25 жыл мурда, 1994-жылдын 12-январында кошулган.

Жумушчу отурумду Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова өткөрүп, ага мамлекеттик жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар