2019-жылдын 25-июнунунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар укугу боюнча конвенциясын кабыл алганынын 30 жылдык, Кыргыз Республикасынын бул конвенцияга кол койгонунун 25 жылдыгына карата Улуттук Форум болуп өттү

2019-жылдын 25-июнунунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар укугу боюнча конвенциясын кабыл алганынын 30 жылдык, Кыргыз Республикасынын бул конвенцияга кол койгонунун 25 жылдыгына карата Улуттук Форум болуп өттү.

Бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Европа Биримдиги, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги, PRI аттуу эл аралык түрмө реформасы уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фонду, “SOS – Кыргызстан балдар айылы”, “Балалык институту” уюмдарынын колдоосу менен уюштурду.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Рената Винтер, экс президент Роза Отунбаева, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкэ Мокуо, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү озүн өзү башкаруу жана райондук администрациянын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Форумда өлкөдөгү балдар укугун коргоо жаатындагы актуалдуу темалар талкууланып, аларды чечүүнүн механизмдери каралды. Иш чаранын башкы максаты – балдар укугу боюнча мамлекеттик саясатты өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков атайын сөз сүйлөп, өз кайрылуусунда бийликтин бардык булактарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен коомдук уюмдардын негизги иши балдарды эрте жаштан өнүктүрүү, укугун камсыз кылуу жана балдардын туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жараша кароо экенин баса белгиледи. “Кыргызстандагы ар бир бала бактылуу үй бүлөнүн кучагында чоңоюшу керек”, – деген С. Жээнбеков үй бүлө институтун бекемдөө мамлекеттик саясаттын башкы багыты болушу керектигин айтты.

Рената Винтердин айтымында, Балдар укугу боюнча конвенцияда аларды коргоого багытталган 40 пункт бар. Алардын эң башкысы: балдар үй бүлөдө жашоого укуктуу, ата-энелер балдарына бактылуу балалыктын шартын тузүүгө милдеттүү, мамлекет балдарга көмөк болушу керек. Бул пункттарды танып кетүү мүмкүн эмес.

Винтер азыркы тапта балдар үйүндө тарбияланып жаткандардын көбу жетим эмес экенин да кошумчалап: “Тыкыр анализ жасап, бул балдардын канчасы мындай багууга муктаж, эмнеге алар жабык жайларда тарбияланышы керек деген маселени изилдеп чыгыш керек. Анткени жабык жайлар менен адамды кыйноо бири-бири менен тыгыз байланышта да. Мындай жайларда балдардын өнүгүүсүндө өтө маанилүү болгон сүйүү менен түшүнүү жок болот. Аларды ыктым кыйноодон коргоо кыйын. Биз балдарды жабык жайларга жайгаштыруунун алдын алышыбыз керек. Балдар үй бүлөдө чоңоюшу зарыл. Бул багытта Кыргызстан эбегейсиз чоң иштерди аткарып жатканын билемин”, – деди.

Кыргыз Республикасыын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова балдардын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо улуттук саясаттын эң башкы артыкчылыктарынан экенин белгилеп: “Өкмөт кыска убакыттын ичинде балдардын укугу менен эркиндигин коргоого багытталган абдан чоң саясий жана практикалык чечимдерди кабыл алып, аларды ишке ашырууда. Биздин өкмөт мындан ары да бул ишти уланта бермекчи. Себеби, балдардын укугу менен кызыкчылыгын коргоо – улуттук саясатыбыздын айныгыз бир бөлүгү. Ар бир мамлекеттин милдети – андагы ар бир баланын бактылуу болуусун камсыз кылуу. Анткени балдар – өлкөнүн эң башкы байлыгы, капиталы. Алар саламаттыгы жана өнүгүүсүнөн ар бир мамлекеттин келечеги көз каранды. Кыргыз Республикасынын өкмөтү инклюзиялык билим берүү, мектептердеги ысык тамак, социалдык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган бир нече программаларды кабыл алды. Алар балдардын өнүгүүсү жана жакшы шарттары үчүн көмөк болот. 2020-2040-жылдардагы Туруктуу өнүгүү стратегиясына жогорудагы жана мындан башка бир катар программалар кирди”, – деген вице-премьер министр өлкөдө оор турмуштук шартка кабылган балдар менен үй бүлөлөрдү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоого багытталган программалар ишке ашып, коомдун бул аяр катмарын коомчулукка аралаштыруу, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоо жана балдарга карата зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу айтты.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр Кыргыз өкмөтү менен бир катар чогуу программаларды ишке ашырышканын, алардын катарында балдар менен үй бүлөнүн укугун коргоп, татыктуу жашоосуна шарт түзүүгө багытталгандары да бар экенин белгиледи. Л аралык деңгээлде атайын изилдөөлөр жүрүп, мурдагы советтик өлкөлөрдөгү интернаттардын бүтүрүүчүлөрү коомдо терс жагдайларга көп кабылып, чоңойгондо кыйналып жатканы далилделгенин кошумчалады.

Ал биздин өкмөттүн балдар тарбияланган жабык жайларды реформалоо боюнча аракетин кубаттап, Евробиримдик дал ушул багытта колдоо көрсөтүп, айрыкча фостердик үй бүлөлөрдү өнүктүрүүнү көздөп жатканын кошумчалады. Институт катары калыптанган жайларды түп тамыры менен өзгөртүү абдан оор процесс деген Ауэр, бардык мамлекеттик органдар, донорлор жана жарандык коомдун реформадагы орду чоң экенин айтты.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров балдар укугун коргоо, кароосуз балдарды багып алып жаткан үй бүлөлөрдү өнүктүрүү боюнча азыркы кырдаал тууралуу кеңири маалымат берди.

“Балдардын укугун коргоого байланыштуу маселелерди тескеген, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-2028-жылдардагы балдар менен үй бүлөнү коргоо боюнча ишке ашып жаткан саясатынын алкагында нормативдик укуктук базаларды аткаруунун биринчи этабына киришти. Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругу менен 2019-2020-жылдары балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүп, активдүү иш алып баруудабыз”, – деди.

“Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова: “Бириккен улуттар уюмунун балдардын укугун коргоо боюнча конвенциясы кабыл алынган 30 жылдан бери мурдагы советтик өлкөлөрдө абал кыйла өнүктү. Бардык өлкөлөр балдар үйлөрүн инклюзиялык билим берүү жана социалдык кызматты өнүктүрүү аркылуу реформалап жатат. Балдардын жабык жайларда, интернатта жашоосу алардын психологиялык, дене мүчөсүнүн өнүгүүсүнө тескери таасирин тийгизет. Үй бүлөсү жок, жанында камкорчусу болбосо, алар жакшы каралбай, эл аралык стандарттар боюнча мындай жайлардагылар сөзсүз зомбулукка кабылат. Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүндө алардын коомго аралашуусуна тоскоол болгон “алсыздык синдрому” келип чыгат. Жакын арада балдардын пайдасына багытталган Кыргызстанда реформалар ишке ашарына ишенемин”, – деди.

Улуттук Форумдун аягында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды. Анын катышуучулары бийлик менен жарандык коомдун иш аракеттерин жогору баалап, Кыргызстандын 2028-2040-жылдагы Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында балдарга байланыштуу социалдык саясатты БУУнун Балдар укугу конвенциясына жараша реформалоону кубатташты. Алар өлкөнүн эң башкы жетишкендиктери катары – балдар менен ымыркайлардын өлүмү азайганын, мектепке чейинки тарбия берүүчу жайлардын арбып баратканын белгилешип, Кыргыз Республикасы балдардын кызыкчылыгын камсыздоо ишке ашып жатканын белгилешти.

 

Пайдалуу
Ссылкалар