Министр Улукбек Кочкоров Жалал-Абад облусунун Токутогул районунун тургундары менен жолугушту

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун Джалал-Абад облусуна болгон иш-сапарында Токтогул районунун калкынын социалдык көйгөйлөрүн жеринде угуп, эл менен баарлашты.
Жергиликтүү калк көбүнчө “балага сүйүнчү” жакшы жолго коюлганына ыраазы болуп жаткандарын билдиришти. Ошондой эле, жеке ассистент төлөмү 18 жаштан өйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга да каралса деген сунуш айтышты. Улукбек Кочкоров андан кийин Токтогул райондор аралык Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн текшерип, карылар үйүнүн абалы менен таанышты.

Пайдалуу
Ссылкалар