«Балага суйунчу» 2 күндүн ичинде алса болот

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 6-июнундагы, №283 «Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык, республика боюнча 2019-жылдын 1-июлунан тартып бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн дайындоого кайрылуу жана аны дайындоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук форматта маалымат алмашуу боюнча ведомстволор аралык өз аракеттенүү жөнүндө биргелешкен чечиминин негизинде кайрылуу жана төлөө тартиби автоматташтырылып, жөнөкөйлөтүлгөн механизми иштеп жатат.

«Балага сүйүнчүгө» кайрылгандан кийин 2 күндүн ичинде ААК «РСК Банктын» жана ААК «Айыл Банктын» баардык филиалдарынан төлөнөт.

Белгилей кетчү нерсе, мурдагыдай жеке эсеп ачуунун кажети жок.

Пайдалуу
Ссылкалар