Ош шаардык башкармалыгы аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдөн 56 баланы “Жеткинчек” лагерине эс алууга жөнөттү

Print Friendly, PDF & Email

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташуу коому «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» GIZ программасы боюнча 2007-жылдан бери биргеликте кызматташып келе жатат.

Аталган программанын колдоосунда Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери атайын окуудан өтүшүп, жаңы методдорду жана куралдарды колдонуу менен кесип тандоо алдында турган «Жеткинчек» балдар лагериндеги балдарга кесиптик тандоо боюнча атайын оюндарды өткөрүштү.  Оюн түрүндө өткөрүлгөн иш-чараларда балдар өздөрүнүн купуя таланттарын, көндүмдөрүн, компетенцияларын ачыкка чыгаруу менен өздөрүнүн күчтүү жактары жана кызыкчылыктарынын үстүнөн иштөөгө шыктандыруучу күч, дем алышты.

Мындан тышкары, Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы  тарабынан «Жеткинчек» эс алуу лагерине аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөрдөн 56 бала жөнөтулдү, алардын ичинен 32 баланын ата-энеси жок, жетим балдар.