«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун июль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 –  31 – июлуна чейин 11932 телефондон кайрылуу, же бир суткада 381 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 100 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 18  же 18,0 % жаш балдардан, ал эми 82 же 82,0 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 52 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 40 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган. 100 чалуунун  ичинен эркектерден – 19 (19,0 %), аялдардан – 63 (63,0 %), балдардан – 18, анын ичинен эркек балдардан – 2 (2,0 %), кыздардан – 16 (16,0 %) түшкөн.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 31 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 14;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 10;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап –7;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 6;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 4;

–  медициналык камсыздоо жөнүндө – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– башка суроолор менен – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1;

– борбордун иши тууралуу маалымат – 6.

11832 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –50 же 34,4%;

– Чуй облусунан –  21 же 21,0%;

– Ош облусунан – 9 же 9,0%;

– Ысык – Көл облусунан – 5 же 5,0%;

– Нарын облусунан – 5 же 5,0%;

– Жалал – Абад облусунан –  4 же 4,0%;

– Талас облусунан –4 же 4,0%;

– Баткен облусунан – 2 же 2,0%.

Пайдалуу
Ссылкалар