КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала төрөлгөндө бир жолу берилчү «балага сүйүнчү» төлөмү 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин 88 322 баланын ар бирине 4000 сом өлчөмүндө берип, буга 353 288 000 сом сарпталды.
Эске салсак, 2019-жылдын 1-июлунан тарта «балага сүйүнчү» төлөмүн банктан жеке өздүк эсеп ачпастан, кайрылгандан эки күн өткөндөн кийин алса болот. «Балага сүйүнчү» төлөмүн алуу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керектелет.