«Балага сүйүнчү» төлөмү 2019-жылдын 1-январынан 31-июлуна чейин 88 322 баланын ар бирине 4000 сом өлчөмүндө төлөнүп, буга 353 288 000 сом сарпталды
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала төрөлгөндө бир жолу берилчү «балага сүйүнчү» төлөмү 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-июлуна чейин 88 322 баланын ар бирине 4000 сом өлчөмүндө берип, буга 353 288 000 сом сарпталды.
Эске салсак, 2019-жылдын 1-июлунан тарта «балага сүйүнчү» төлөмүн банктан жеке өздүк эсеп ачпастан, кайрылгандан эки күн өткөндөн кийин алса болот. «Балага сүйүнчү» төлөмүн алуу үчүн паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керектелет.
2019-08-07