КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева жана Г.А. Альберхта атындагы “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реаблитациялоо федерациялык илимий борборунун” директору Оксана Владимирова Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине карашатуу мамлекеттик Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РПОБМ) Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин майыптарын жана майып балдарды, ошондой эле таяныс-кыймыл оорусуунан жабыркагандарды, буту-колдун протездерин, ортез, тутор, ортопедиялык бут кийим, балдак жана башкапротездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылат.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча 2019-жылдын 7 айы ичинде:
- 5362,5 миң. сомго 827 бирдик протездик буюмдарды;
- 5000,3 миң. сомго 1267 жуп ортопедиялык бут кийимдерди;
- 153,3 миң. сомго 210 протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдошкон.
Жыл башынан тартып мекемеге 1533 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылган, анын ичинен 552 си ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.