Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында майып адамдарды абилитация жана реаблитациялоону ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү чечүү» атту семинар өттү

Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында майып адамдарды абилитация жана реаблитациялоону ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү чечүү» атту семинар өттү.            Семинардын негизги максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун эрежесин эске алуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык интеграциялоо.

Семинарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева, Г.А. Альберхта атындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реаблитациялоо федерациялык илимий борборунун директору Оксана Владимирова, медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын кызматкерлери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга колдоо көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда республикада 186 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам болсо, анын ичинен 30 миңи 18 жашка чейинки балдаро болуп эсептелет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар