Республикалык бюджеттен 4 млрд. сомдон ашык каражат социалдык төлөмдөргө жумшалган

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 7 айдын ичинде калктын аярлуу катмарына 4 млрд. 366 млн. сом төлөп берди.

2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучуларга, 1 982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган.

Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү  3007,9 сомду түздү (27,7% – өстү).

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-августуна чейин мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 495,5 миң адам болсо, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жарандар (үй-бүлөлөр) – “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдарды алуучулардын саны 311,2 миң адамды түздү. Ошондой эле пенсияга укугу жок социалдык жөлөкпулдарды алуучулар 92,7 миң жаран жана 91,6 миң жаран “балага сүйүчү” төлөмдү алышкан.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар