«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун август айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1 – 31 – августуна чейин 12587 телефондон кайрылуу, же бир суткада 406 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 116 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (16 же 13,8% жаш балдардан, ал эми 100 же 86,2 % чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 69 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 39 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

116 чалуунун  ичинен эркектерден – 21 (18,1 %), аялдардан – 79 (68,1%), балдардан – 16, анын ичинен эркек балдардан – 5 (31,3 %), кыздардын – 11 (68,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 30 абонент чалган;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу- 21;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 19;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 10;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– борбор жөнүндө маалымат – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 3;

– ар кандай суроолор менен – 3;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара  мамилелери тууралуу  – 1.

12471 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  51 же 44,0%;

– Чуй облусунан – 23 же 19,8%;

– Жалал – Абад облусунан –  17 же 14,6%;

– Ыссык – Көл облусунан – 11 же 9,5 %;

– Ош облусунан – 6 же 5,2%;

– Баткен облусунан – 5 же 4,3%;

– Талас облусунан – 3 же 2,6%.

Пайдалуу
Ссылкалар