«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын сентябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 1-8- сентябрына  чейин 2369 телефондон кайрылуу (же бир суткада 338 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 39 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 2 же 5,1 % жаш балдардан, ал эми 37 же 97,9 % чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 18 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 18 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

38 чалуунун  ичинен эркектерден – 10 (25,6%), аялдардан – 27 (69,2%), балдардан–2: анын ичинен эркек балдардан – 0, кыздардан – 2 (5,1%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –13;

– ар кандай жардам берүү тууралуу – 5;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3 абонент чалган;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– борбордун иши тууралуу маалымат– 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле -3;

– медициналык камсыздоо боюнча – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу- 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1.

2330 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  17 же 43,6%;

– Чуй облусунан – 10 же 25,6%;

– Джалал-Абад облусунан – 8 же 20,5%;

– Ысык – Көл облусунан – 2 же 5,1%;

– Баткен облусунан -1 же 2,5%;

– Ош облусунан – 1 же 2,5%.

Пайдалуу
Ссылкалар