«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын сентябрь айындагы экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8 – 15 – сентябрына чейин 2727 телефондон кайрылуу, же бир суткада 389 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 34 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 8 же 23,5 % жаш балдардан, ал эми 26 же 76,5 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 23 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган, 2 психологиялык консультация берилген.

34 чалуунун  ичинен эркектерден – 7 (20,5%), аялдардан – 19 (55,9%), балдардан -8, анын ичинен  кыздардан – 3 (37,5 %), эркек балдардан – 5 ( 62,5 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –  8 абонент чалган;

–  финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле -3;

– психологиялык жабырлануудан- 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу- 2;

– медициналык камсыздоо боюнча суроолор -2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 1;

–  мектепте рэкет тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдирип – 1;

– борбордун иши туралуу маалымат – 1;

– ар кандай жардам берүү – 1.

2693 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  17;

– Ош облусунан – 7;

– Чуй облусунан –5;

– Ыссык – Көл облусунан – 1;

– Жалал – Абад облусунан –  1;

– Баткен облусунан – 1;

– Нарын облусунан – 1;

– Талас облусунан – 1.

Пайдалуу
Ссылкалар