ЭСӨМдө Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бейөкмөт уюмдар үчүн колдонмонун долбоору талкууланды

25-сентябрда, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында  коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бейөкмөт уюмдар үчүн колдонмонун долбоору талкууланды.

Жыйынды Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева өткөрдү. Анда КРнын Президентинин Аппаратынын, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле Министрликтин өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын деӊгээлинде мамлекеттик кепилденген социалдык кызмат көрсөтүү түзүмүн  пилоттоштуруу жөнүндө” долбоору боюнча сунуштарды талкуулоо.

  1. “Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомго пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бейөкмөт уюмдар үчүн колдонмо” долбоорун талкуулоо.
Пайдалуу
Ссылкалар