Министрдин орун басары Жаныл Алыбаева Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборунун 20 жылдык мааракеси менен куттуктады

Print Friendly, PDF & Email

Бүгүн, 27-сентябрда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаныл Алыбаева Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунун 20 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Министрдин орун басары борбордун маанилүү эмгегин баса белгилеп, бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен бирге түйшүктүү эмгектерине ийгилик каалады.

Министрликтин атынан ал, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунун эмгек терапиясынын инспектору – Мамбетисаева Анара Камчыбековнага  “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгисин, ал эми кол өнөрчүлүк боюнча инспектору – Карабаев Айдар Алышевичке КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.