1-октябрында Бишкек шаарында улгайган жарандардын «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү жана «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу улгайган жарандардын колу менен жасалган буюмдардын кайрымдуулук жарманкеси өтөт

2019-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарында улгайган жарандардын «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү жана жыл сайын өтүүчү «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу улгайган жарандардын колу менен жасалган буюмдардын кайрымдуулук жарманкеси өтөт.

Бул иш-чара улгайган жарандарды дискриминациялоо жана эйджизм менен күрөшүүгө, узак өмүр сүрүүгө, татыктуу каарылыкка жана муундар аралык байланыш саясатын жайылтууга багытталган. Бишкек мэриясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте Эл аралык геронтологиялык «AgeNet International» тармагы уюштурат.

Иш-чара 9:30да Темир жол вокзалына каршы М.В.Фрунзе эстелигинен башталган «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү менен башталат. (Эркиндик бул./Линейная көчөсүнүн кесилиши) Жүрүштүн тобун Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдар менен биргеликте улгайган жарандарды жетектеп скандин басуу менен өтөт. Жүрүш Эркиндик бульварынан башталып, Жарманке өтө турган Курманжан Датка эстелигинин жанында аяктайт.

“Жүрөктөн жүрөккө” жарманкеси Эркиндик бульвары/Чүй проспектисинде (Курманжан Датка эстелигинин жанында) саат 11:00дөн 14:00гө чейин болот. Жарманкеге Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын улгайган жарандары катышат. Алар жиптен, кийизден, жүндөн колго жасалган буюмдарын, улуттук сувинерлерин жана ошондой эле айыл-чарба продукцияларын көргөзүшөт.

Жарманкенин программасына: шахмат сүйүүчүлөрү үчүн турнир, утулушсуз лотерея, карылардын катышуусу менен флеш-моб бийи, биринчи медициналык жардам көргөзүү, кант диабетин алдын алуу боюнча мастер-класстар, таланттуу чыгармачыл топтун аткаруусунда майрамдык концерт жана башка кызыктар камтылган.

Мындан сырткары жарманкенин катышуучулары кандагы канттын өлчөмүн, кан басымын жана салмагын өлчөй алышат.

Бул акциянын негизги максаты – 60 өлкөдө өтө турган «Адамдын жашы иш-аракетти талап кылат» эл аралык акциясынын алкагында карыларды дискриминациялоо жана эйджизм менен күрөшүү.

Байланыш адамы: Юлия Саломатина 0(555) 13-29-73

Маалымат үчүн:

Эл аралык геронтологиялык «AgeNet International» тармагы 2005-жылы Кыргызстан, Казахстан,Тажикстанда карылык маселелери менен алектенген 21 уюмдун демилгеси менен уюшулган. 10 өлкөнүн: Кыргызстан, Россия, Казахстан, Армения, Грузия, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларус өлкөлөрүнүн 53 уюунан турат. Тармак өзүнө «Карылар үчүн ресурстук борбору» коомдук бирикмеси, «ADRA Кыргызстан», «HelpAge International», Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык коргоо коомдук бирикмеси, Кыргызстандагы Диабеттик Эндокринологиялык Ассоциациясы, Коомдук технологиялар борбору, Балдарды коргоо борбору, «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү» коомдук фонду сыяктуу коомдук уюмдарды камтыйт.

“Адамдын жашы иш-аракетти талап кылат” (Age Demands Action – ADA ) – бул карылардын жашоосун жакшыртуу саясатын алдыга жылдыруу жана дискриминациялоону токтотуга жардам берген акцияларды өткөрүү үчүн эл аралык платформа. Биз жыл сайын улгайган жарандар дуушар болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген иш-чара жана кампанияларды уюштуруу үчүн дүйнөнүн булуӊ-бурчундагы улгайган активисттерди жана өнөктөштөрдү колдоп жатабыз.

Бишкек шаарынын мэриясы жарманкени өткөрүү үчүн өтө турган жер, чатырлар, столдор, музыкалык аппаратура жана катышуучулардын коопсуздугу үчүн тез жардам каретасы менен камсыз кылат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар