1-октябрда Бишкек шаарында улгайган жарандардын «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү жана «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу улгайган жарандардын колу менен жасалган буюмдардын кайрымдуулук жарманкеси өттү

1-октябрда Бишкек шаарында улгайган жарандардын «Татыктуу карылык үчүн» жүрүшү жана «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу улгайган жарандардын колу менен жасалган буюмдардын кайрымдуулук жарманкеси өтүүдө.
Аталган скандинав жүрүшүндө КРнын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, улгайган жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бул иш-чара улгайган жарандардын узак өмүр сүрүүгө, татыктуу каарылыкка жана муундар аралык байланыш саясатын жайылтууга багытталган. Бишкек мэриясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте Эл аралык геронтологиялык «AgeNet International» тармагы уюштурулду.
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өз сөзүндө, учурда республикада 495,5 миң (495470) улгайган жарандар жашаарын (бул республиканын бүтундөй 7,7 пайызын түзөт) айтты. Өлкөдө 925 социалдык кызматкерлер 6,9 миңге жакын жалгыз бой, ден соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген адамдарды үйүндө, ал эми Министрликтин системасында 6-ты социалдык стационардык мекемеде 383 улгайган жарандар тейленээрин белгиледи.
“Улгайган жарандарды социалдык коргоо ар дайым биздин мамлекеттин абдан маанилүү иши болуусу зарыл. Биз бир гана ушул күнү эмес улуу муун үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Бул биздин күнүмдүк ыйык милдетибиз жана биздин улуттук маданияттын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат”, – деди ал.
Учурда “Жүрөктөн жүрөккө” атту жарманке Эркиндик бульвары/Чүй проспектисинде (Курманжан Датка эстелигинин жанында) өтүүдө. Жарманкеге Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын улгайган жарандары катышып, алар жиптен, кийизден, жүндөн колго жасалган буюмдарын, улуттук сувинерлерин жана ошондой эле айыл-чарба продукцияларын көргөзүшүүдө.
Жарманкенин программасына: шахмат сүйүүчүлөрү үчүн турнир, утулушсуз лотерея, карылардын катышуусу менен флеш-моб бийи, биринчи медициналык жардам көргөзүү, кант диабетин алдын алуу боюнча мастер-класстар, таланттуу чыгармачыл топтун аткаруусунда майрамдык концерт жана башка кызыктар камтылган.
Мындан сырткары жарманкенин катышуучулары кандагы канттын өлчөмүн, кан басымын жана салмагын өлчөй алышат.

Пайдалуу
Ссылкалар