Министр У.Кочкоров Укей Мураталиевага жана Айнура Телеушевага сыйлыктарды тапшырды

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Назик кыз» коомдук бирикмесинин төрайымы Укей Мураталиевага “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгисин, «Love-Live» коомдук бирикмесинин жетекчиси Айнура Телеушевага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.
Министр таланттуу айымдарды Финляндияда өткөн «Finnish Wheelchair dance sport» арабада бал бийи боюнча сынакта татыктуу катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, конкурстун «Фристайл» категориясында катышкан Айнура Телеушева күмүш медалына ээ болсо, Укей Мураталиева 6-чы орунду алды.
Ошондой эле, Айнура Телеушева 14-15-сентябрда Челябинск шаарында (Россия Федерациясы) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар арасында өткөн «Рожденная побеждать» конкурсунда Кыргызстандын атынан чыкты. Аталган конкурста беш өлкөнүн өкүлдөрү катышты: Казахстандан, Кыргызстандан, Таджикистандан, Украинадан жана Россия Федерациясынан.

Пайдалуу
Ссылкалар