«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2019 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылдын 8 – 14  октябрына чейин 2712 телефондон кайрылүү, же бир суткада 387 чалуу түшкөн.

Анын ичинен 33 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 2 же 6, 0 % жаш балдардан, ал эми 31 же 94, 0 % чоң адамдардан түшкөн). Аны ичинен 20 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

33 чалуунун  ичинен эркектерден – 8 (24,2 %), аялдардан – 23 (69,7 %), балдардан – 2, анын ичинен  кыздардан – 2 (100, 0 %), эркек балдардан – 0.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7 абонент чалган;

– үй-бүлөөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу – 6;

– социалдык жардам сурап – 5;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине нааразычылык билдирип – 1.

2679 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 13 жэ 39,4 %;

– Жалал – Абад облусунан –  8 жэ 24,2 %;

– Ош облусунан – 5 жэ 15,2 %;

– Баткен облусунан – 3 жэ 9,1%

– Чуй облусунан – 2 жэ 6,1 %;

– Ыссык – Көл облусунан – 1 жэ 3,0 %;

– Талас облусунан – 1 жэ 3,0 %.

Пайдалуу
Ссылкалар