Бишкек шаарында 111 балдар ишеним телефонун маалымдоо боюнча флешмоб өткөрүлдү

2019-жылдын 16-ноябрында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Маданият, маалымат, туризм министрлиги жана ЮНИСЕФ эл аралык балдар фонду менен биргеликте балдардын укугун коргоо боюнча БУУ Конвенциясынын 30 жылдыгына карата 111 ишенимдүү байланышын маалымдоо боюнча флешмоб өткөрдү.
Иш-чара балдардын укуктук маданиятын өнүктүрүү, адеп-ахлактык сапаттарын өстүрүү менен бирдикте балдардын коомдун бир мүчөсү катары өзүнүн укугун жана милдеттерин эске салуу максатында уюштурулду. Ошондой эле балдардын укугу бузулган учурда, зордук-зомбулукка кабылган мезгилде 111 ишеним телефондоруна байланышуу керектиги маалымдалды.

Пайдалуу
Ссылкалар