Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев   кол койду.

Бул чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган.

Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.

Пайдалуу
Ссылкалар