Министрликте өткөрүлгөн “Балдар бийликте” акциясынын алкагында, убактылуу министрдин милдетин аткарган Тилеген Рахатбеков Улукбек Кочкоровго бир нече тапшырма берди.

18-ноябрда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган «Балдар бийликте» аттуу акция уюштурду. Аталган акциянын алкагында министр Улугбек Кочкоров көрүүсү жана угуусунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде окуган Тилеген Рахатбековго ордун убактылуу бошотуп берди.

Өзү болсо анын маңдайына отуруп, эки тилде (кыргыз, орус) баарлашып, колуна ручка, блокнот алып, тердеп Тилегенден тапшырма алып жатты. Тилеген болсо апасы Айнура Алееванын жардамы менен толтура тапшырмаларды берди. Анын биринчи эле тапшырмасы аттестат болду, тагырагы, ал окуган мектепте справка гана берилээрин, мектепте бүткөндө справка эмес, аттестат берилсе деген тилегин айтты. Экинчи тапшырмасы: окуу куралдарынын жетишпегенин айтса, апасы ушул маселени чечип берүүнү суранды. Ошондой эле Тилеген транспорт маселесин көтөрүп, бузик эмес, чоң автобус болсо деген оюн айтты. “Кыргызстанда метро, лифт болсо”,-дейт Тилеген.

Ал эми Тилегенден журналисттер: “отурган орун жактыбы?”,- деп сурады эле, ал жакканын айтты. Улугбек Кочкоров: “буйруса, 20 жылдан кийин ушул жерге министр болосуң. Ал үчүн жакшы оку!”,-деди.

Ошентип орун бошотуп берчү убактысы келип, ээсине бошотуп берди. Ээси Улугбек Кочкоров болсо: “Келечекте шахмат боюнча дүйнө чемпиону болот деген ойдобуз. Жакшы оку!”,-деп Тилегенге ийгилик каалап, кабинетинен акырын узатып койду.

Булак: https://kyrgyztoday.org/ru/news_ky/video-ubaktyluu-ministrdin-mildetin-atkargan-tilegen-ulugbek-kochkorovdu-terdete-tapshyrma-berdi-al-kandaj-tapshyrma/

Пайдалуу
Ссылкалар