Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуунун конкурсу боюнча жарыя

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин иштеп чыгуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты: Өлкөнүн улуттук иденттүүлүгүн жана маанисин чагылдырган 17 ТӨМдүн уникалдуу, кызыктуу, унутулгус логотибин түзүү.

Конкурска дизайндагы компетенцияларга ээ, конкурстун шарттарына ылайык кокурстук ишин көргөзгөн, каалаган физикалык (18 жаштан өйдө курактагы ) жана юридикалык жактар катышка алат.

Өтүнмөлөрдү жана конкурстук иштерди кабыл алуу 2019-жылдын 21-окятбрынан тартып 2019-жылдын 22-ноябрына саат 18:00 гө чейин жүргүзүлөт.

Конкурс жөнүндө маалымат, ошондой эле конкурс жөнүндө жобо,  конкурска катышуу үчүн өтүнмөнүн формасы, конкурстук иштин техникалык талаптары уюштуруучулардын расмий веб-сайтына (www.mineconom.gov.kg, www.mlsp.gov.kg, www.minculture.gov.kg) жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыяланды.

Материалдар 2019-жылдын 22-ноябрь күнүнүн саат 18:00дөн кечиктирилбей электрондук жана басылып чыккан түрүндө тапшырылышы керек.

Басма түрдөгү материалдарды мөөр басылган конвертте Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (телефон: 0312  62-45-44) дареги боюнча берүү керек.

Электрондук түрүн электрондук алып жүрүүчүлөр менен берүү керек же  svod2019@list.ru электрондук почтасына «ТӨМдүн логотибинин эскизи» деген белги менен жөнөтүү керек.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча абсолюттук жеӊүүчү  3-муундагы  iPad Pro (12.9 дюйма) алат. Калган финалисттер эстелик белектери менен сыйланышат.

 Маалымат катары:

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – бул БУУнун бардык мамлекет-мүчөлөрү 2030-жылга чейин жетүүгө макулдашкан, 17 глобалдуу максаттар  жана 169 тиешелүү милдеттер.

ТӨМ бөлүнбөс жана комплекстүү мүнөздөрдү алып жүрүү менен туруктуу өнүгүүнүн бардык үч компонентин: экономикалык, социалдык жана экологиялык теӊдемдилигин камсыз кылат.

Пайдалуу
Ссылкалар