Коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында 2020-жылы Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды электрондук түрдө кезекке тургузуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт

Коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгаруу максатында 2020-жылы Министрлик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды электрондук түрдө кезекке тургузуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Кабар” маалымат агенттигинде пресс-конференцияда айтты.

Аталган иш-чара Кыргызстанды санариптештирүү алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызматтарды алуу жеңилдетүү максатында ишке ашырылгандыгын министр баса белгиледи.

“Келерки жылы майыптыгы бар адамдар дарыланууга санатордук-курорттук жолдомолорду, майыптык арабаларды өз убагында алуу үчүн атайын электрондук кезек түзүлөт.  Бул ачык-айкындуулукту, ошондой эле коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга өбөлгө түзөт”, – дейт министра Улукбек Кочкоров.

Маалыматка шилтеме: http://kabar.kg/news/v-kr-v-2020-godu-vnedriat-elektronnye-ocheredi-na-koliaski-i-putevki-dlia-lovz-chtoby-snizit-korruptcionnye-riski/?fbclid=IwAR0oMV9CLl-er_XxOHN3lq4LBGtfa6sEANmS0m8uUZsSuELbQ0BC-UOkiKA

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар